




SEDEP Аялдардын креативдик хабдарынын чеберлери ар түрдүү текстиль жана кол өнөрчүлүк буюмдарын даярдоо кызматтарын сунушташат. Хабдарда эко-жууркандар, курак буюмдары, жууркан-төшөктөр, жаздыктар, үй текстили, сумкалар, кийизден жасалган оюнчуктар жана башка өзгөчө буюмдар даярдалат.
Курак ыкмасы жана кайра иштетүү принциптери аркылуу кездеме калдыктары пайдалуу жана кооз продукцияларга айландырылат. Ошондой эле кардардын каалоосуна жараша жеке буйрутмалар кабыл алынат.
Кызмат боюнча кененирээк маалымат алуу жана буйрутма берүү үчүн тиешелүү хабдын Instagram баракчасына жазыңыз.