Биз жөнүндө
SEDEP – Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор. Анын негизги максаты – Кыргызстандын түштүгүндөгү аярлуу жаш аялдардын экономикалык жана укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик теңчиликти бекемдөө жана креативдик экономика аркылуу туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүү.
Долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түзүлгөн Аялдардын креативдик хабдары аркылуу ишке ашырылат. Хабдар аялдар анын ичинде аярлуу топтогу аялдар үчүн билим алуу, ишкердикти өнүктүрүү, өндүрүш жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн түзгөн аянтча болуп саналат.
SEDEP катышуучуларга ишкердик, креативдик индустриялар, туруктуу туризм, санариптик маркетинг жана лидерлик боюнча билим берип, насаатчылык, психологиялык жана укуктук консультациялар аркылуу комплекстүү колдоо көрсөтөт. Ошондой эле жарандык коом уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү мекемелери, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрөт.
Долбоор аялдардын туруктуу киреше табуусуна, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү өндүрүштү жана туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле жашыл экономика жана креативдик индустриялар аркылуу жамааттардын туруктуу өнүгүшүнө салым кошууну көздөйт.
Биздин миссия:
Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты катары креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ишкерлерди, кол өнөрчүлөрдү, узчуларды, дизайнерлерди жана туризм жаатында кызматташуунун жана өсүүнүн бирдиктүү экосистемасына бириктирүү. Ассоциация өлкөдөгү туруктуу экономикалык өсүштүн негизги багыттары катары чыгармачыл индустрияларды жана туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Биздин иш-чаралар:
«Седеп» Бизнес Ассоциациясы Кыргызстандагы чыгармачыл, кесипке багыт берүүчү жамааттарды өнүктүрөт, окутуу жана насаатчылык программаларын, фестивалдарды, жарманкелерди, такшалмаларды (стажировка) мастер-класстарды уюштурат. Тажрыйба алмашууга баруу менен өнөктөштөрдү табууга жана сатуу тармагына чыгууга жардам берет, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн эмгектерин эл аралык деңгээлде чыгарууга жардам берет.
Биз бизнестин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда көпүрө болуп, ишкердик чөйрөсүн бекемдөөгө жана ассоциациянын мүчөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөбүз. Биз мамлекеттик органдар, донорлор жана эл аралык өнөктөштөр менен ассоциациянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргойбуз.